Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.08.2024, 04:45

2024-жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпысынан 2,3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баа 7%га, азык-түлүк эмес товарларга - 2,4%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,8%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 3,7%га жогорулады.

Быйылкы жылдын январь-июль айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында, Жалал-Абад облусун кошпогондо – 0,4%га төмөндөгөн.

Баалар максималдуу Бишкек шаарында өскөн, ал 3,2%ды түздү. Башка региондорго салыштырмалуу түрдө Бишкекте тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 2,1%га жана кызмат көрсөтүүлөргө 4,7%га көтөрулгөн.


Читать похожее

  • 20.08.2024, 01:31:51
  • 11.08.2024, 22:45:07
  • 12.07.2024, 05:33:00
  • 03.07.2024, 01:25:56