
Опубликовано
30.08.2023, 06:25Ушул жылдын жети айында дем берүүчү гранттардын эсебинен 13 млн сомго 21 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 мектепке 5,2 млн сом жумшалды. Тактап айтканда, Жалал-Абад облусундагы 6 мектепке 4 млн сом, Ош облусундагы 2 мектепке 1,2 млн сом сарпталды.
Белгилеп кетсек, "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамында "дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча 800 млн сом каралган. 2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү гранттардын эсебинен 332 долбоор жактырылган.



