Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

06.07.2023, 04:47

Кыргызстан жарым жылдын ичинде 60 миңден ашык малды, негизинен майда малдарды экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, июль айына чейин Кыргызстандан 61,2 миң баш мал экспорттолгон, алардан:

  • Ири мүйүздүү бодо мал – 4803 баш;
  • Майда мүйүздүү мал – 53301 баш;
  • Жылкы - 3156 баш.

Ал эми 8757 баш мал алынып келинген, алардан:

  • Ири мүйүздүү бодо мал – 5170 баш;
  • Майда мүйүздүү мал - 1054 баш;
  • Жылкы - 2533 баш.

Читать похожее