akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.12.2023, 09:25

    Быйыл он бир айда “Кумтөр” 25 млрд 35 млн сом которду. Бул тууралуу маалымат жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

    Анын айтымында, салыктык чегерүү 11 млрд 853 млн сомду түздү. Дагы 15 млрд 109 млн сом Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүү фонддоруна, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөргө чегерилген.

    “Кумтөр” “Кыргызалтын” ААКга да дивиденддерди төлөп берди. Алар 9 млрд 652 млн сомду түздү”, - деди Алмаз Бакетаев.


    Читать похожее