Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

24.03.2023, 10:10

Жыл башынан бери өлкөгө 41,9 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинген. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин билдиришти.

Анын ичинен:

  • азоттук минералдык жер семирткичтер – 33,5 миӊ тонна,
  • фосфордук минералдык жер семирткичтер – 8,1 миӊ тонна,
  • калийдик минералдык жер семирткичтер – 0,3 миӊ тоннаны түздү.

Бүгүнкү күндө Казахстанда жана Орусияда өндүрүлгөн аммиак селитрасынын 1 кг баасы 38,0-40,0 сомду түзсө, Өзбекстандан өлкөнүн түштүк аймактарына ташылып келинген аммиак селитрасынын 1 кг баасы 28,0-30,0 сом болууда. Ал эми карбамиддин 1 кг баасы 36,0-38,0 сом болсо, түндүк аймактарда аммиак селитранын 1 кг баасы 30,0-32,0 сом, карбамиддин баасы 38,0-40,0 сом болууда.

“Бүгүнкү күндө жалпы 49704 га аянка 5507 тонна органикалык жер семирткичтер чачылды”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее