Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    01.08.2023, 09:42

    Жыл башынан бери Бишкек шаарынын тез жардам борборунун медицина кызматкерлерине 88 млн 378 миң сом төлөндү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

    Маалыматка ылайык, республикада 776 тез жардам бригадасы бар, анын 676сы линиялык (фельдшердик) бригада болсо, 100 адистештирилген медициналык бригада.

    Жалпысынан өлкө боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан тез жардам кызматына 500 млн сомдон ашык каражат каралган, анын ичинен Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборунун такталган бюджети 2023-жылга 171 млн 713 миң 200 сомду түзөт.


    Читать похожее