Опубликовано
07.04.2022, 05:58Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Улуттук банк валюта рыногуна 264,40 млн АКШ долларын саткан. Бул тууралуу маалымат борбордук банктын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын башталышынан тартып 5-апрель аралыгында, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу максатында, Улуттук банк 284,30 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жана 19,90 млн доллар суммасында АКШ долларын сатып алуу боюнча эки интервенция жүргүзгөн. Жыйынтыгында таза сатуу 264,40 млн АКШ долларын түздү.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 5-апрелге карата абал боюнча 2 626 млн АКШ долларын түзөт жана өлкөнүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен 6,0 айын жабат.