Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    13.06.2023, 10:53

    Ушул жылдын январь-май айларында бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, теңдештирүү трансферттер боюнча 1,3 млрд. сом каржыланды. Ал эми максаттуу трансферттер боюнча 2,7 млрд. сом бөлүндү. Анын ичинен:

    • бийик тоолордун оор табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандарды мамлекеттик колдоонун эсебинен, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүдө 50 пайыз өлчөмүндө компенсация төлөөгө – 98, 2 млн сом бөлүндү;
    • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн (статисттерге кошумча эмгек акы) – 92,4 млн сом;
    • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек акысы) – 32,1 млн сом;
    • Бишкек шаары (бирдиктүү салык) - 2,3 млрд сом;
    • Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча - 117, 5 млн сом;
    • Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоого – 20 млн сом;
    • Чон-Алай айыл өкмөтүнө – 2 млн сом сом;
    • калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга– 102, 6 млн сом;
    • облустардагы өкүлчүлүктөрүнө -186,5 млн сом;
    • облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн резервдик фондуна -12,5 млн сом;
    • электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого – 603,9 млн сом;
    • райондук мамлекеттик администрацияларга – 323,7 млн сом;
    • райондук мамлекеттик администрациялардын резервдик фондуна -12,5 млн сом;
    • облустардын өнүктүрүү фонддоруна – 138,2 млн сом;
    • райондорду өнүктүрүү фонддоруна – 97,7 млн сом;
    • Баткен облусуна (өзгөчө статус) – 300 млн сом бөлүндү.


    Читать похожее