Опубликовано
10.04.2023, 07:32Быйыл жыл башынан бери мамлекеттик жөлөк пулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө республикалык бюджеттен 4,4 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи кварталда мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 472 миң адамды түзгөн. Булар пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдары, бала төрөлгөндүгү бир жолку “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуучулар болуп саналат.
Мындан тышкары, ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон 33 балага ай сайын 6 миң сомдон жөлөк пул берилет.
Учурда “Үй-бүлөгө көмөк” долбоорунун алкагында жөлөк пулдун орточо өлчөмү 1351,7 сомду түзөт. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 6320 сомду түздү.
“Балага сүйүнчү” жөлөк пулу бардык жаңы төрөлгөн ымыркайларга 4000 сомдон дайындалат. Үй-бүлөдө үч эм жана андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 000 сомдон бир жолку “Балага сүйүнчү” жөлөк пулу берилет. Жыл башынан бери жөлөк пулдун бул түрүн 19 адам алган.