Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.03.2024, 05:20

    Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан каза болгондордун саны 24,1% азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейинки аралыкта өлкө боюнча 1 173 жол кырсыгы катталган. Андан 1 миң 673 адам жабыркап, 82 киши каза болгон. Мында жабыркагандар боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5%, ал эми каза болгондор боюнча 24,1% азайган.

    Жыл башынан бери жашы жете электердин катышуусунда 245 жол-транспорт кырсыгы катталган, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 15,2% кыскарган.

    Жабыркагандардын саны 23,5%га, каза болгондордун көрсөткүчү 35,7%га төмөндөгөн.


    Читать похожее

    • 28.06.2024, 00:00:19
    • 01.04.2024, 21:45:57
    • 18.03.2024, 23:20:37
    • 17.10.2023, 22:17:00