Опубликовано
18.04.2023, 08:00Жүк ташуучу унаалар үчүн жаңы номердин стандарты иштелип чыкты. Ага буга чейинки номерлердин туура келбей калгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми жаңы иштелип чыккан стандартка ылайык, узундугу 520 мм, бийиктиги 112 мм болгон номерлер чыгарылат.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 17-апрелинен тарта жүк ташуучу унаалардын ээлери малекеттик унаа номерлерин жаңысына алмаштыруусу зарыл.
Учурда узундугу 280, туурасы 200 стандарттагы мамлекеттик номери күчүндө.