Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    01.02.2022, 07:29

    Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) кызматкерлеринин маянасы жай же күзгө чейин көтөрүү маселеси министрлер кабинетинде каралган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

    Анын айтымына караганда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин маянасын көтөрүү боюнча тапшырма койгон.

    “Жыйында айлык, гонорар жана дубляждын өлчөмүн көтөрүү маселеси айтылган. КТРК жана ЭлТР телеканалдары дубляж кылууга аракет кылышат. Бирок ал жердеги кызматкерлердин бир сааттык жумушу 280 сом экен”, - деди Эсенгул уулу.

    Белгилей кетсек, 1-апрелден тартып бүт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүү алдында турат.


    Читать похожее

    • 10.07.2024, 04:15:40
    • 30.06.2024, 22:41:31
    • 27.06.2024, 00:26:43
    • 30.05.2024, 05:55:13