Опубликовано
04.07.2023, 11:25Жыл башынан бери Жогорку Кеңешти камсыздоого 571 млн. 752,1 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин 1-январдан 30-июнга чейинки республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы боюнча отчетунда айтылат.
Бул бюджеттик каражаттардын негизги бөлүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын, алардын жардамчыларынын жана башка адистеринин эмгек акысы – 398 млн. 526,1 миң сом же бөлүнгөн акчанын 69,7%ы түзөт.
Анын ичинен 21 млн. 339 миң сомдон ашык техника жана жабдуулар, дагы 15 млн. 540 миң сому иш сапарларга кеткен.