Опубликовано
05.05.2020, 05:50Жогорку Кеңештин март айындагы чыгашасы 64 млн 4.3 миң сомду түзгөн. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги билдирди.
[news 23830]
Маалым болгондой, каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 48 млн 379.2 миң сом же 75.6% кызматкерлердин эмгек акысына жумшалган.
Эмгек акы |
48 379, 2 |
Товар алууга жана кызматтарга |
10 980,9 |
Взнос/социалдык төлөмдөр |
2371,9 |
ЖК төрагасынын Резервдик фондуна |
2245,0 |
Коммуналдык кызматтарга |
2064,09 |
Товар жана кызматтарга |
207,3 |
Кошумчалай кетсек, республикалык бюджеттин кассалык планына ылайык, Жогорку Кеңештин чыгашасы 45 млн 410.7 миң сомду түзмөк. Бирок, маалым болгондой чыгашанын көлөмү коюлган пландан 18 млн 593.6 миң сомго көп болгон.