
Опубликовано
28.09.2023, 08:26Борбор калаада жол кире акысын накталай алган автобус айдоочулары жумуштан алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №6, №36, №195 каттамдын үч айдоочусу жумуштан кетти.
Мындай чечим “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйынында чыкты.



