
Опубликовано
30.08.2023, 10:53Бишкекте автобус жана троллейбус айдоочулары жол кире акысын накталай алганы үчүн жумуштан бошотулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Мэриянын айтымында, учурда жүргүнчүлөр жол акысын “Tulpar” транспорттук карталары, VISA банк карталары, Элкарт, ошондой эле Mbank, MegaPay, Balance мобилдик тиркемелери менен төлөй алышат.
Эгерде автобуста же троллейбуста валидатор иштебей калса, анда жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу.
“Айдоочулардын накталай эмес жол киренин кантип кабыл албай жатканына күбө болгон жүргүнчүлөр 0502 205-202 номуруна кайрылыңыздар. Кайрылууда эреже бузуунун датасы жана убактысы, каттамдын номери, унаанын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Эске салсак, 2023-жылдын 20-августунан тарта борбор калаада муниципалдык коомдук транспортто жүрүү акысын накталай төлөөгө тыюу салынган.



