Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.11.2023, 04:35

    Бишкек шаардык мэриясы “Акчабар” окурманынын 252-маршруттук каттамдын айдоочусу жол киренин 50 сомго чейин өзүм билемдик менен көтөрдү деген арызына жооп берди.

    Маалыматка ылайык, бул айдоочунун 252-маршрутка эч кандай тиешеси жок. Ал эми жеке таксисттин шаардык каттамдын номерин колдонгону транспорт инспекциясы тарабынан иликтенет.

    Эскерте кетсек, окурман шаар ичинде жүрүү акысы 15 сом, ал эми Дордой базарына 20 сом болгон 252-маршруттун айдоочусу жол кире үчүн 50 сом талап кылганын билдирген.


    Читать похожее