Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

19.10.2020, 04:30

Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги жолдорду реаблитациялоого 2021-2023-жылдары 293 млн доллар каралууда. Анын ичинен 256 млн доллар - эл аралык банктардан алган насыя каражаттары. Бул тууралуу 2021-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулардын вебинарында белгилүү болду.

[news 28971]

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, насыянын басмыдуу бөлүгүн - Азия өнүктүрүү банкы, 170 млн доллар бөлөт. Каржылоонун башкы үлүшү атап айтканда, 66.6 млн доллар же 72.2 млн доллар 2021-2022-жылдарга туш келет. 2023-жылы 28 млн доллар каржы алуу күтүлүүдө.

2023-жылы ведомство Дуйнөлүк банк тарабынан 99.4 млн доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан – 23.8 млн доллар алууну пландаштырып жатат.

Эл аралык каржы уюмдарынан сырткары, жолдорду реаблитациялоого КР өкмөтү дагы 36.5 млн доллар бөлөт.


Читать похожее

  • 31.01.2024, 23:05:44
  • 25.12.2023, 21:30:17
  • 21.02.2022, 02:20:39
  • 30.01.2022, 23:10:41