
Опубликовано
06.10.2023, 03:26Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунай иштетүүчү заводунда Кытайдан келген жумушчу топтун эксперттери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жумушчу топ заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн келген.
Бакыт Төрөбаев жакында эле Кытайдын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында “Жунда” заводун ишке киргизүүгө багытталган иштерди жандандыруу боюнча макулдашкан.
“Биз заводдун тезирээк ишке киришине кызыктарбыз, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кыргыз тараптан бардык чаралар көрүлөт”, - деди ал.
Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Чжан Лиган кытай тарап заводдун ишин жандандыруу боюнча далилдүү чараларды көрөөрүн, ошондой эле акырындык менен модернизациялоону баштаарын айтып, Кыргызстанга кесипкөй техникалык эксперттердин тобу келээрин кошумчалады.



