Опубликовано
01.10.2020, 09:002020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык жана мобилдик тиркемелерге финансылык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
[news 28520]
1-октябрдан тартып идентификациядан өткөн электрондук капчык жана мобилдик тиркемелер жеткиликтүү болот.
2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлери /агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонуучулар электрондук акча системасынын операторуна же төлөм уюмунун агентине кайрыла алышат. Мында коммерциялык банктар же төлөм системасынын оператору же электрондук акчалардын банк-эмитенти электрондук акча системасынын операторунан боло алышат.
Идентификацияланган электрондук капчык – бул, ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификация жана верификация процессинен өткөн электрондук капчык.
Идентификацияланбаган электрондук капчык – бул, эмитенттин талаптарына ылайык жана ачык офертанын негизинде электрондук түзүлүштөрдүн (мобилдик телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзүлүштөр) жардамы менен аралыктан /обочо туруп жеке адамдар тарабынан ачылган электрондук капчык.