Опубликовано
10.02.2020, 08:002019 - жылы транспорттун бардык түрү менен 34,2 млн тонна жүк ташылган. Бул 2018 - жылга салыштырмалуу 3,6 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Муну менен катар, жүктүн башкы көлөмү же 91 пайызга жакыны жеке ишкерлер аркылуу ташылган.
2019 - жылдын декабрь айында, 2018 - жылдын декабрь айына салыштырмалуу транспорттун бардык түрү менен ташылган жүктүн көлөмү 4,1 пайызга көп болгон. Ал эми өткөн айга салыштырмалуу 8,4 пайызга жогору болгон.