2025-жылдан тарта унааларга видеорегистратура орнотуу милдеттүү болот

12.03.2024, 12:08 Акчабар
2025-жылдан тарта унааларга видеорегистратура орнотуу милдеттүү болот

Ички иштер министрлиги видеорегистратору жок унааларды 2025-жылдан тарта каттоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралды.

Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосуновдун айтымында, демилге жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

“Азыр жарандар транспортуна өз эрки менен видеорегистратор коюп жатышат. Жол кырсыгында ар кандай талаш маселелер болуп калат. Ошондо андагы тасма бизге дайым жардам берет”, - дейт министрдин орун басары.

Белгиленгендей, 2023-жылы 783 адам жол кырсыгында каза болду. Өлкөдө 1 млн 400 миң автотранспорт бар. Кыргызстанга жылына 68 миң жаңы транспорт алып келинет.

"2023-жылдан бери жүргүнчү ташыган транспортто сөзсүз түрдө видео регистратору коюу талабы киргизилген. Жалпысынан өлкөдөгү автомобилдердин үчтөн биринде бул жабдуу коюлган", - дейт Адылбек Бийбосунов.

Тэги: автоунаа видеорегистратор жол кырсык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть