Жарандардын демилгеси менен 29 кычкылтек концентратору алынып, жер-жерлерге бөлүштүрүлдү

06.07.2020, 11:15 Акчабар
Жарандардын демилгеси менен 29 кычкылтек концентратору алынып, жер-жерлерге бөлүштүрүлдү

Жарандардын демилгеси менен 29 кычкылтек концентратору алынып, жер-жерлерге бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан келген 500 жасалма дем алдыруучу аппарат тез аранын ичинде ооруканаларга бөлүштүрүлдү. Ал Ош облусуна 100, Чүй облусуна 50, калган 350сү Бишкектеги медициналык мекемелерге берилген.

«29 кычкылтек концентраторунун 13ү Ошко, калган 16сын ишемби түнү “Гансиге” жеке мен өзүм да барып, тапшырдым. Ошондой эле Бишкекке аймактардан жалпы 106 медкызматкер жардамга келди», — дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7691ге жетти. Алардын ичинен 1147си медицина кызматкери. Илдеттен 2843 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 92 адам каза болду.

Тэги: жарандар кычкылтек концентратору Мадамин Каратаев Кытай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть