Опубликовано
11.09.2020, 11:152020-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
[news 27909]
Статистика комитети билдиргендей, былтыркыга караганда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21,7%га азайган. Ошол эле учурда экспорт 1,7%га көбөйсө, импорт 31,3%га кыскарган.
«Январь-июль айларында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен болгон өз ара сооданын көлөмү 1,3 млрд долларды түзүп, 2019-жылга караганда 17,9%га азайган. Экспорт 23,5%га, ал эми импорт 16,2 %га азайган», - деп билдирет Статистика комитети.