Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.11.2020, 04:35

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан 11-ноябрда саат 11:11-17:11 чейин өзгөчө сан жана тамгалуу мамлекеттик номерлер онлайн-аукцион сайты аркылуу 780 миң сомго сатылган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

[news 29883]

Белгиленгендей, кирешенин 91% мамлекеттик бюджетке которулат.

Андан сырткары, ошол күнү баштапкы суммасы 7 млн 604 миң сомду түзгөн 158 аукцион пландаштырылган, анын ичинен 1 млн 660.5 миң сомго брондолгон 102 аукционсуз номерлердин ичинен 781.5 миң сомго 45 номер сатылган.

Алардын ичинен төмөнкү тамгалуу номерлер эң популярдуу болгон: AMG, OOO, BMW, VIP, BBB.

«11-ноябрда онлайн-аукциондордун жаңыртылган nomer.srs.kg сайты «Инфоком» МИ аркылуу ишке киргизилген. Бул өзгөчө номерди алууну каалагандардын көптүгүнөн улам демилгеленип, ишке ашкан. Тиешелүү жарлыкка 2020-жылдын август айында кол коюлган», — деп билдиришти МКК.


Читать похожее