9 ай ичинде мамлекеттик сатып алууларга 37,3 млрд сом жумшалган

02.11.2020, 15:00 Акчабар
9 ай ичинде мамлекеттик сатып алууларга 37,3 млрд сом жумшалган

Быйыл 9 айда мамлекеттик сатып алууларга 37,3 млрд сом сарпталган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 9 айда Мамлекеттик сатып алуулар порталында сатып алуучу мекемелер тарабынан товар, кызмат сатып алуу үчүн 59,4 млрд сомго 62 миң 449 сынак жарыяланган. Алардын ичинен наркы 34,4 млрд сомду түзгөн (24,1 млрд сомго – товар, 7,1 млрд сомго – жумуш жана 3,2 млрд сомго – кызмат көрсөтүү) 40 миң 870 сынак ийгиликтүү өткөн.

Андан тышкары пандемияга байланыштуу Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгендиктен “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык товар, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөргө 2,9 млрд сом сарпталган.

Тэги: сатып алуулар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть