Бишкек ЖЭБге түтүнгө каршы тазалоочу жай орнотулду

22.09.2020, 15:00 Акчабар
Бишкек ЖЭБге түтүнгө каршы тазалоочу жай орнотулду

Бишкек ЖЭБине түтүнгө каршы күрөшүү үчүн эки баскычтуу тазалоочу жайы орнотулду. Бул тууралуу 2020-2021-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктарды талкуулоо боюнча жыйында ЖЭБ башчысы Андрей Воропаев билдирди.

[news 28224]

Жыйында шаар башчысы инженердик кызматтардын ишине көңүл бурууну, шаардыктардан жолдордо жана тротуарларда асфальттын төшөлүүсүнүн сапатына нааразычылыктары көп экенин билдирип, ар бир объектидеги иштерди тыкыр көзөмөлгө алууларын тапшырды.


«Сентябрь айынын аягына чейин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы бардык 66 откананы оңдоп бүткөрүүнү пландап жатат, учурда 62 отканада оңдоо жыйынтыкталды», - деп кошумчалашты шаардык бийликтен.



Ошондой эле шаар тургундарына 126 тонна көмүр даярдоо пландалууда. Жеңилдик алган 3 миң 891 үй-бүлөгө 21,6 миллион сом көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет. Азыркы учурда 3 миң 469 үй-бүлөгө төлөнүп берилди.



«Мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо уюмдары жана башка социалдык мекемелер дагы графикке ылайык жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: ЖЭБ Андрей Воропаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть