Боронов: Билим күнү 1-класска баруучу окуучуларга мектептердин эшиги ачылат

14.08.2020, 15:25 Акчабар
Боронов: Билим күнү 1-класска баруучу окуучуларга мектептердин эшиги ачылат

Билим күнү, 1-сентябрда, 1-класска баруучу 156 миң окуучуга менчиктин түрүнө карабастан мектептердин эшиги ачылат. Ал эми калган класстардын бардыгы онлайн режимде окутулат. Бул туурасында премьер-министр Өкмөтnүн жыйынында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Быйылкы окуу жылы кандай өтөт деп элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, өлк Президенти Сооронбай Жээнбеков баса белгилеп кеткендей, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек. Биз да толук колдойбуз: 1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан анын эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр белгилегендей, жалпы аймактардагы эпидемиологиялык абал толук турукташа элек.

«Прогноздор боюнча кийинки толкундун чыгышы толук ыктымал. Ошондуктан Министрлик калган варианттарды сунуштап жатканда эпидемиологиялык кырдаалды эсинен чыгарбоого тийиш. Эпидемиялык абалдын курчуп кетишине жол ача турган учурлардын бардыгына бөгөт коюшубуз керек. Ал эми окуу процессин кийинки чейректерде жандандыруу маселеси өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Республикалык штабдын талкуусунан өтүүсү тийиш», - деп жыйынтыктады ал.

Тэги: Билим күнү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть