Депутат: сыртка ташылган күмөндүү акчанын 70 млн $ Кыргызстандыкы

31.01.2020, 16:00 Акчабар
Депутат: сыртка ташылган күмөндүү акчанын 70 млн $ Кыргызстандыкы

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Айеркен Саймаити жана анын фирмасы «Абдыраз» аркылуу чыгарылган күмөндүү акча Кыргызстандын бюджетине тиешеси бар экенин айтты. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазды.

Эл өкүлү бул тууралуу 31-январда Саймаитинин ишмердигин жана өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди:

- Журналисттер мамлекеттик органдарга маселени көргөзүп берди. Ал акчанын булагы кайдан, кимден алган, ал кантип жүгүртүлгөн - аны укук коргоо органдарынан сурашыбыз керек. Бул эмне үчүн жаап-жашырылып, иликтенген эмес? Бул каражат бюджетке тиешеси бар экенин түз айтышыбыз керек. Финансы полициясы, Башкы прокуратура «сыртка чыгарылган акчадан 5 миллиарддан ашык салык төлөнбөй калган» деп жатат. «932 млн. доллардын ичинде салыктар да бар» деп белгилешүүдө. Анын ичинен 70 миллионго жакын доллар Кыргызстандын акчасы. Ошондуктан бул акча бюджетке тиешеси бар деп ачык айтышыбыз керек.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Комиссиянын 21-январда жыйынында Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев убагында тийиштүү кызматтар жүз миллиондогон доллардын күмөндүү которулушуна көз жумганын жана 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан сыртка акча ташыган Айеркен Саймаити жана анын фирмасы өлкө казынасына алты миллиард сомго жакын салык төлөшү керек экенин айткан.

Тэги: сыртка ташылган акча күмөндүү коррупция жемкорлук Айэркен Саимаити Матраимов Бажы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть