ЕАЭС автоунаага болгон бажы салымдарынын жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу сунушун колдогон жок

20.11.2019, 10:59 Акчабар
ЕАЭС  автоунаага болгон бажы салымдарынын жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу сунушун колдогон жок

Буга чейин кыргыз өкмөтү ЕАЭС мамлекеттерине автоунаалардын бажы салымдарына болгон жеңилдик мөөнөтүн узартуу боюнча кайрылган. Евразия экономикалык союздун өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнүн бул сунушун кабыл алган жок. Тактап айтканда, ЕАЭС мамлекеттеринен сырткары Кыргызстандын аймагына алынып келинген автоунааларга болгон бажы салымдарынын жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу сунушун четке какты. Бул тууралуу «Спутник» басылмасы жазып чыкты.

19-ноябрда ЕАЭСтин вице-премьерлери катышкан, Евразия экономикалык комиссиянын кеңешме жыйыны өттү. Маалыматка ылайык, союзга кирген мамлектеттердин өкүлдөрү кыргыз өкмөтү берген автоунаа салымдарына болгон жеңилдетүү мөөнөтүн узартуу сунушун колдогон эмес.

Буга чейин өкмөт жылдын аягына чейин бул сунуш боюнча союзга кирген мамлекеттерге кайрылууну пландап келген. Июль айында КР экономика министрлиги бажы салымдарынын жеңилдетилген мөөнөтүн 5 жылга узартуу боюнча долбоор иштеп чыккан. Андан кийин, женилдетилген мөөнөттү 5 жыл эмес, 4 жылга узартууну көздөп, андагы бажы салымдарынын баасын кыргыз бийлиги өздөрү чечкен эле.

Эске сала кетсек, автоунаага болгон бажы салымдары кийинки жылы 11 эсеге чейин кымбаттаары маалымдалган.

Тэги: жеңилдетилген мөөнөт ЕАЭС автоунаа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть