2020-жылдын февраль айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы жумушсуз жарандардын саны 76.8 миң адамга жеткен. Бул маалыматты КР Каржы министрлиги билдирди.
Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 1.3% төмөндөгөнү байкалган.
Муну менен катар 2019-жылдын январь-февраль айында жумушсуздардын саны 27.8% жогорулаганы маалымдалган.
Үстүбүздөгү жылдын январь айындагы эмгек акынын реалдуу өсүшү 8.5% түзгөн. Номиналдык көрсөткүч менен айтканда эмгек акынын орточо көлөмү 17 миң 172 сомду түзгөн.