Кызыл-Кыяда 3 км жолду талкалашып, анын 1,5 км гана оңдошкон

22.10.2019, 11:54 Акчабар
Кызыл-Кыяда 3 км жолду талкалашып, анын 1,5 км  гана оңдошкон

КСДП партиясынан депутат Сайдолимжон Жураев бүгүн, 22 – октябрда транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Кызыл-Кыя автожолунда 3 км автожолду талкалаган боюнча кайра оңдолбой тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, талкаланган 3 км жолдун, 1,5 км гана кайра оңдоп-түзөөдөн өткөн. Калган жол талкаланган боюнча тургандыгын билдирди.

Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрү бул маалыматты тактай тургандыгын айтышты.

Андан сырткары, эл өкүлү «Кызыл-Кыя» аэропортун кайра оңдоп, ишке киргизе турса боло тургандыгын жана кете турган каражатты алдын-ала эсептеп чыгаруусун талап кылды.

Учурда комитет жыйында «КР 2020 – жылдагы республикалык бюджети жана 2021-2022 жж. бюджетти божомолдуу кароо» мыйзам долбоорун карап жатышат.

Тэги: Кызыл-Кыя авто автожол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть