Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

04.05.2020, 10:45

Нарын облусунда күн сайын азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

[news 23788]

Анын айтымында, азык-түлүктүн баасына көзөмөл Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан белгиленген баа боюнча жүргүзүлүүдө.

«Февраль айына салыштырмалуу биринчи сортогу ундун баасы 14,2%га, экинчи сорту 11,9%га, нан 8%га, макарон 24%га, кумшекер 17%га, күрүч 17%га, жумуртка өз баасында, өсүмдүк майы 10%га, картошка 152%га, эт 5%га өскөн. Ундун биринчи сорту (1 кг) 33,3 сом, жогорку сорту 43,5 сом, экинчи сорту 25 сом турат. Кумшекер 45 сомго чейин, күрүчтүн орточо баасы 73 сомдон сатылып жатат«, - деди ал.

Алымкуловдун айтымында, Нарында биринчи сорттогу ундун 265 тонна запасы бар.

«Картошканын 17 тонна, өсүмдүк майынын 22 тонна, кумшекердин 50,7 тонна, күрүчтүн 25,8 тонна запасы кампаларда сакталып турат«, - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.


Читать похожее

  • 20.05.2024, 01:25:18
  • 10.05.2024, 00:22:29
  • 29.04.2024, 21:30:20
  • 26.03.2024, 01:40:57