Akchabarsearch
Источник фото: Спутник

Опубликовано

27.05.2020, 11:30

Нарын облусунда жазгы талаа жумуштары толугу менен аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

[news 24624]

Анын айтымында, облус боюнча 38 миң 635 гектар жер айдалары пландалса, иш жүзүндө 39 миң 800 гектар жер айдалып бүттү.

«Быйыл ун азыктарына суроо-талап жогору болгондуктан буудай аянты жылдагыга караганда көбүрөөк эгилди. Алсак, 5 миң 812 гектар жерге буудай айдалып, мерчемделген аянттан 600 гектар жерге көп айдалды. Ошондой эле 18 миң 363 гектар арпа, 13 гектар таруу, 35 гектар жүгөрүү, 8 миңдей гектарга тоют өсүмдүктөрү, 6 миң 284 гектарга картошка жана 476 гектарга жашылча эгилди», — дейт Алымкулов.


Читать похожее

  • 01.02.2024, 00:33:33
  • 05.04.2022, 23:23:11
  • 27.05.2020, 05:30:57