Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.02.2024, 06:33

Жогорку Кеңештин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев быйыл күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбой турганын билдирди.

Анын айтымында, үрөндөрдү даярдоо уланууда.

“Алдын ала эсептөө боюнча үрөндөрдүн бардык турлөрү боюнча 98% жеткизебиз. Бүгүнкү күндө 10 миң тонна жер семирткич бар. Бул аз, кечээ "Бай дыйкан" компаниясы менен кол коюлду. Жер семирткич боюнча милдеттенме алышты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жер семирткичтер менен 45-47% камсыздалат. Күйүүчү-майлоочу май боюнча көйгөй жаралбайт. Мунай ташуучулар менен сүйлөшүп чыктым, бул багытта кризис же коркунуч байкалбайт", - деди министр.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 21:50:11
  • 20.08.2024, 22:46:10
  • 20.08.2024, 03:20:02
  • 19.08.2024, 23:35:09