Орусияда насыя берүүнүн көлөмү 2 эсеге төмөндөдү

18.05.2020, 14:00 Акчабар
Орусияда насыя берүүнүн көлөмү 2 эсеге төмөндөдү

Апрель айында Орусиянын банктары 215 млрд рублга (2 млрд долларга жакын) 661 миң керектөөчү насыя беришкен. Бул тууралуу «Биргелешкен Кредиттик Бюро» маалымдады.

Белгиленгендей, насыя берүүнүн саны 2020-жылдын март айына салыштырмалуу 56%, ал эми көлөмү 55% кыскарган. 2019-жылдын апрель айына салыштырмалуу саны - 55%, көлөмү - 51% төмөндөгөн.

«Апрель айында насыя берүү мартка салыштырмалуу 2 эсеге төмөндөдү. Төмөндөө карантинге байланыштуу, насыя кеңселеринин жабылышы менен шартуу болгон. Андан сырткары, банктар кооптонууну жараткан кардарларга насыя берүүнү дагы токтотту. Экономика кайрадан калыбына келгенде банктар баштапкы көлөмүнө кайтат деп ишенебиз», — деп айтты «Биргелешкен Кредиттик Бюронун» башкы директору Артур Александрович.

Тэги: Орусия насыя берүү көлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть