Өзбекстандан Баткенге гуманитардык жардамдар келди

07.07.2020, 13:15 Акчабар
Өзбекстандан Баткенге гуманитардык жардамдар келди

Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна медициналык шаймандардан турган гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.



Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна жалпы баасы 6 млн 300 миң сомду түзгөн медициналык шаймандарды жиберди. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктоочу лабороториялык шаймандар бар.

Бул иш-чара Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлдү.

Баткен облусунун жетекчилиги, кошуна Өзбекстан Республикасынын Президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Эске салсак, буга чейин эки облус башчылары коронавирус илдети менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттары, азык түлүк продукциялары боюнча эки тараптуу бир катар жардамдарды берип келишкен.

Тэги: Өзбекстан Фергана облусу Баткен облусу республикалык штаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть