Президент ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди

31.03.2020, 15:00 Акчабар
Президент ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди

«Коронавирус илдети менен күрөшүү, калктын саламаттыгын сактоо канчалык маанилүү болсо, тамак аш коопсуздугун камсыздоо, жарандарыбызга камкордук көрүү да ошончолук мааниге ээ», — деп баса билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында.

Президент бүт дүйнө өлкөлөрүндөй эле, тилекке каршы, Кыргызстан дагы экономикалык жактан абдан жабыркап жатканын белгиледи.

«Бизнеске доо кетип жатат. Күнүмдүк жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүн баккан абдан көп мекендештерибиз бар. Аярлуу катмардагы жарандарыбыз бар. Алар колдоого муктаж. Мунун баарын көрүп, түшүнүп турам. Жер-жерлерде колунда барлар, ишкерлер айылдаштарын колдоп жатат, аларга рахмат», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков жана Өкмөттөн да бул багытта ыкчам аракеттер талап кылынарын кошумчалады.

«Антикризистик план иштеп чыгышты. Анын негизги багыттарынын бири — ушул калктын аярлуу катмарына, жумушсуз калгандарга, тамак ашка муктаж болгондорго даректүү жардам көрсөтүү», — деп белгиледи Президент.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ушул оору менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турган медиктерге бардык жагынан колдоону күчөтүү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

«Тиешелүү коргонуучу жабдыктар, иштөө шарттары, айлык акылары, сый акылары толук көлөмдө, үзгүлтүксүз берилип турушу шарт», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тэги: Прездент ишкерлер ыраазычылык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть