Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга караганда 1,4 млрд куб метрге аз

27.05.2020, 15:00 Акчабар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга караганда 1,4 млрд куб метрге аз

2020-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында 15 млрд куб метр суу топтолору болжолдонууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2018-жылга караганда 3,5 млрд жана былтыркыга караганда 1,4 млрд куб метрге аз.

«Суунун келиши жылдагыдан төмөн болуп жатат. 2020-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында 15 млрд куб метрге жакын суу топтолот деп болжолдонууда. Ошондо бизге дагы 1-1,5 млрд куб метр суу жетпейт. 1 млрд кВт/саат электр энергиясын сырттан сатып алабыз деп жатканыбыз ошондон болууда. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,2 млрд кубдан ылдый түшүп кетсе, ГЭСтин натыйжалуу иштөөсү төмөндөйт. ГЭСтин коопсуз иштеши үчүн суунун көлөмүн 9,2 млрд кубдан ылдый түшүрбөйбүз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Назаров Кыргызстан сырттан быйылкы күз-кыш мезгилине карата сырттан 1 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландап жатканын билдирген.

Тэги: Токтогул суу сактагычы суунун көлөмү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть