Опубликовано
18.08.2020, 08:40«Кепилдик фонду» дээрлик 500 млн сом суммасындагы 300гө жакын кепилдик боюнча реструктуризация жасады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.
[news 27184]
«Улуттук банк менен Каржы министрлиги коммерциялык банктарга жеңилдетилген каражаттарды берет. Күрөөсү жок болгон банктар «Кепилдик фондуна» кайрылышат. Биз 104 млн сомго 42 кепилдик берип, насыянын көлөмү 270 млн сомдон ашты», - деди ал.