Айыл чарба министрлиги: заманбап жер семирткичтер мол түшүм алууга өбөлгө түзөт

24.02.2020, 13:30 Акчабар
Айыл чарба министрлиги: заманбап жер семирткичтер мол түшүм алууга өбөлгө түзөт

Кыргызстандын «Кыргызленд» экспортчу жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова жана Айыл чарба министрлигинин Химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин химизациялоо бөлүмүнүн башчысы Арстанбек Акматов айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап жер семирткич колдонуу, маселен глицерол жер семирткичи тууралуу маалымат беришкен. Бул тууралуу «Кабар»​ басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы ассоциация, КР Айыл чарба министрлиги жана глицерол органикалык-минералдык микро жер семирткичтерди чыгарган «Золотой Колос» ишканасы менен үч тараптуу меморандумга кол койгон. Ал белгилегендей, ал ишкана Россиянын Воронеж шаарында жайгашкан.

Ниязбекованын айтымында, бул хелаттык формадагы, органикалык-минералдык микро семирткич ар кандай климаттык шартта айыл чарба өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алууга өбөлгө түзөт. Маселен, кайракы, суу жетпеген жерлерде эгинди ашыкча сугарбастан жакшы түшүм алууга болот.

«Биздин айыл чарбаны ал өзгөрүүлөргө ылайыкташып, көнүп кетиши үчүн биздин департамент иш жүргүзүп, ал боюнча кээ бир жер семирткичтерди, технологияларды караштыра баштады. Божомолдорго ылайык, март айында аба ырайы ысык болот – ал эгиндерди чоң зыянга учуратышы мүмкүн. Дыйкандарга бул жер семирткичти эгиндерине (бир нече жолу) чачып чыгууга үлгүргүлө деп айтат элем», - деди ал.

Айыл чарба министрлигинин Химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин химизациялоо бөлүмүнүн башчысы Арстанбек Акматовдун белгилегендей, учурда климаттын өзгөрүшү жүрүп, ага жараша айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап технологияларды, жер семирткичтерди колдонуу керек.

Тэги: айыл-чарба маалымат жыйын Кыргызленд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть