Айыл жерлерин суу менен камсыз кылууга Сауд өнүктүрүү фонду 30 млн $ бөлөт

22.01.2020, 15:48 Акчабар
Айыл жерлерин суу менен камсыз кылууга Сауд өнүктүрүү фонду 30 млн $ бөлөт

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Айылдык райондордо суу менен жабдуу жана санитария системаларын өнүктүрүү»долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Сауд өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун КР тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлап туруусу керек.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү» долбооруна 30 млн доллар каражат берилет.

Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан кредит 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү жана жылдык 1 пайыздык ставка менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 4,5 жыл.

Ошондой эле долбоорду КР Өкмөтүнүн 10,0 млн жакын АКШ доллары өлчөмүндө кош каржылоосу каралган. Мында ушул Макулдашуудан келип чыккан финансылык милдеттенмелер салыкка жана жыйымдарга, ошондой эле долбоорду ишке ашырууну колдоого багытталуучу 2020-жылга жана кийинки жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздалат.

Тэги: айыл жери Таза суу Сауд өнүктүрүү фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть