Айыл Банк «Агродиалог 2024» форумуна жигердүү катышууда

01.03.2024, 16:50 Акчабар
Айыл Банк «Агродиалог 2024» форумуна жигердүү катышууда

Ош шаарында 1-2 мартта Суу ресурстары, айыл-чарбасы жана кайра иштеттүү өнөр-жай министрлиги тарабынан уюштурулган “Агродиалог 2024” республикалык агроөнөржай форуму өтүп жатат. Аталган форумга “Айыл Банктын” төрагасынын орун басары Ж.Норузбаев, бөлүм башчылары жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун кызматкерлери катышууда.

Форум – фермерлер сыяктуу эле, агрегаторлар үчүн да эң мыкты мүмкүнчүлүк. Анткени, мындай иш-чара анын бардык катышуучуларына айыл-чарба чөйрөсүндө иш алып барып жаткан алдынкы ишкерлер менен таанышып, пикир алышууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга, ошондой эле өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзөт.

Учурда "Айыл Банк" ААКсынын кызматкерлери В2В платформасында өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кардарларга кеп-кеңештерди берүүдө.

“Мындай форум өз учурунда өтүп жаткан зарыл иш-чара болуп саналат. Анткени, жаз мезгили башталары менен айыл чарбасын каржылоо маселеси көтөрүлөт. Демек, ар бир кардар жана иш-чаранын меймандары кызыктырган суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты”, - деп белгилейт Банк Башкармасынын төрагасынын орун басары Ж.Норузбаев.

Агроөнөржай комплексин кредиттөө долбоорун ишке ашыруунун алкагында “Айыл Банк” тарабынан жалпы суммасы 4,2 млрд сомдон ашкан 2,5 миң кредит берилди. Бүгүнкү күндө банк тарабынан 1,9 млрд сомго айыл-чарба техникаларынын 580ден ашуун бирдиги, 1000 баш асыл тукум мал лизинг шартында берилди.

Айыл Банк – сизге жакын!

Тэги: Айыл Банк форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть