Айыл чарба министри дыйкандарды шафран өстүрүүгө чакырды

31.10.2023, 15:22 Акчабар
Айыл чарба министри дыйкандарды шафран өстүрүүгө чакырды

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйкандарды шафран өстүрүүгө чакырды.

Маалыматка ылайык, айыл чарба министрлиги шафранды өлкө боюнча жайылтуу боюнча программа даярдап жатат.

Документ кабыл алынса дыйкандар тренингден өтүшөт. Адис Абдыбек Асаналиев бир гектардан 10-15 кг түшүм алууга болорун билдирди.

Шафран татымалдарды жана косметикаларды жасоодо колдонулат. Ал медицинада да колдонулат жана баасы кымбат.

Эске салсак, быйыл сегиз айда Кыргызстан 200 тонна өсүмдүктү экспорттогон. Негизинен бул товарлар Орусия, Түштүк Корея жана Испанияга жеткирилген.

Тэги: айыл чарба шафран дары өсүмдүк косметика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть