Опубликовано
13.05.2024, 08:10Кыргызстанда 2024-жылы республика боюнча 30 миң гектар аянтка 296 миң 72 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Буга байланыштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 85 млн 643 миң 683 сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга сынак жарыялады.
Жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алуу жайыттардын абалын, түшүмдүүлүгүн жана жайыт жерлердин асылдуулугун жакшыртуу максатын көздөйт.
Белгиленгендей, сынакка катышууну каалагандар Мамлекеттик сатып алуулар порталына кирип, тиешелүү сунуштарын берсе болот.