Айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттын 48%ы гана өздөштүрүлдү

23.11.2022, 12:20 Акчабар
Айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттын 48%ы гана өздөштүрүлдү

Быйылкыжылы айыл чарбасын колдоого 26 млрд 574 млн сом каралып, иш жүзүндө 14 млрд 670 млн сом бөлүндү.Бул тууралууБишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековбилдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө анын 12 млрд 746 млн сому башкача айтканда, жалпы сумманын 48 пайызы өздөштүрүлдү.

Анын айтымында, үрөн сатып алууга бөлүнгөн 1 млрд 534 млн сомдун 1 млрд 34 млн сому сарпталган.

"Ошондой эле жер семирткичтерди сатып алууга бөлүнгөн 975 млн сомдун 245 млн сому өздөштүрүлүп, 5 миң тонна аммиак селитрасын сатып алдык. Калган акчанын баары бюджетке кайтарылды", - деди чиновник.

Тэги: айыл чарба каражат бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть