“Ак-Тилек” пунктунда унаалардын топтолуусу катталган жок

25.02.2022, 16:28 Акчабар
“Ак-Тилек” пунктунда унаалардын топтолуусу катталган жок

Бүгүн, 25-февралда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Ак-Тилек – унаа жолу” көзөмөл өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын топтолуусу катталган жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган көзөмөл постунан анча алыс эмес жерде жол жээгинде айдоочулары жүктүн документтерин, ПЧР-анализинин жыйынтыгын жана башкаларды күтүп турушкан 70 жүк ташуучу унаа бар.

Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу.

Эскерте кетсек, бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга Кең-Булуң-автодорожный посту аркылуу чыга алат. Ошондой эле жүк поезддерин өткөрүү “Кайыңды-железнодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.

Тэги: кыргыз-казак чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть