Алкоголдук продукцияларга акциз салыгынын ставкалары жогорулады

22.01.2020, 10:30 Акчабар
Алкоголдук продукцияларга акциз салыгынын ставкалары жогорулады

2020-жылдын январынан тартып этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкалары жогорулайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Бул ЕАЭБ алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалган.

Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз бир литр үчүн 70 сомдон 100 сомго чейин жогорулатылган. 2021-жылы алкоголдук продукциялардын бул категориясына акциз 1 литр үчүн 120 сом, 2022-жылы 140 сомду, 2023-жылы 160 сомду түзөт.

Этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 100 сом өлчөмүндө белгиленген, мурда бул ставка 70 сомду түзгөн. Кийинки үч жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 52 сомдон 70 сомго чейин жогорулатылган. 2021-жылы бул сумма литр үчүн 80 сомду, 2022-жылы 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.

Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми буга чейин ставка 70 сомду түзгөн.

Тэги: алкогол арак ставка акциз продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть