"Ала-Тоо" аянты реконструкцияланат. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда оңдоп-түзөөнүн эскиздик долбоору аяктоо стадиясында турат.
Башкы аянтты реконструкциялоого байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде "Ала-Тоо" аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.