«Ала-Тоо» пансионаты Саламаттыкты сактоо министрлигине өттү

26.04.2024, 15:36 Акчабар
«Ала-Тоо» пансионаты Саламаттыкты сактоо министрлигине өттү

Ысык-Көлдөгү “Ала-Тоо” эс алуу жайы Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды.

“Ала-Тоо” эс алуу жайы 1974-жылы курулган. Эс алуу үйүнүн жер тилкесинин аянты 24,76 гектарды түзөт. Аймак жашылдандырууну талап кылат.

"Белгиленгендей, санаторий абдан эски болгондуктан, ал жердеги коттедждерди бузуп, жаңы имараттарды куруу зарыл. Жетекчиликтин айтымында, миң орундуу жаңы имараттарды куруу пландалууда".

Эске салсак, 2023-жылы эс алуу үйү президенттик администрацияга өткөн.

Тэги: Ала-Тоо пансионат киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть